ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 30-ноябрындагы № 273 «Ош облустук шайлоо комиссиясынын катчысын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция30.11.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 30-ноябры № 273

Ош облустук шайлоо комиссиясынын катчысын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Наватова Айгүл Жаңыбаевна берген арызынын негизинде Ош облустук шайлоо комиссиясынын катчылык милдетинен бошотулсун.

2. Асанов Таалайбек Токтомуратович Ош облустук шайлоо комиссиясынын катчысы болуп бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский