Редакцияот 10.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-декабры № 274

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстандын Коммунисттер партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский