КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-декабры № 275
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстандын Коммунисттер партиясы" саясый партиясынан талапкерлердин тизмесинен шайланган депутаттан кийинки тизмедеги Эгембердиев Шерали Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. "Кыргызстандын Коммунисттер партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Эгембердиев Шералиге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |