Редакцияот 25.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 25-декабры № 276

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна жана депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруу менен сыйышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Төрөбаев Бакыт Эргешовичтин берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

4. "Ак Жол элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбаев Бакыт Эргешовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский