Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры № 277
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ак Жол элдик партиясы" саясый партиясынан талапкерлердин тизмесинен шайланган депутаттан кийинки тизмедеги Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. "Ак Жол элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Асылбек уулу Дамирбекке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |