Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 210
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Токтомаматов Алтынбек Ногойбаевич, 1977-жылы туулган, жеке нотариус;
- Ташматова Ханзада Ташмаматовна, 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Искандаров Айбек Исмаилович, 1984-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Мамадалиева Халида Кубишевна, 1971-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Ибрахим кызы Тунукай, 1993-жылы туулган, "Мыйзам ишинде" коомдук фондунун юристи;
- Турсунова Адина Машраббаевна, 1958-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Тюлеева Эльмира Тюлеевна, 1960-жылы туулган, "Дос-Кредобанк" ААКнын чарбачылык бөлүмүнүн башчысы;
- Алимова Кимя Мамадалиевна, 1958-жылы туулган, "Мыйзам ишинде" коомдук фондунун уюштуруучусу;
- Джакыпов Касымбек Базарович, 1954-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Тентимишов Орозаалы Анарбекович, 1956-жылы туулган, пенсионер;
- Сооранбаев Каирбек Эмильканович, 1957-жылы туулган, пенсионер;
- Омуров Жекшен Жусупбекович, 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Кенжетаев Тургуналы Исмаилович, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Сыдыков Тельман Эсеналиевич, 1959-жылы туулган, "Азаттык" ААКнын коопсуздук кызматтыгынын башчысы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |