Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 7-декабры ПБ № 137-П
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 1011472 (бир миллион он бир миң төрт жүз жетимиш эки) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бөлүнсүн:
- «Исхак Раззаков» аттуу китепти басып чыгарууга 175000 (жүз жетимиш беш миң) сом;
- «Алтынды дат баспайт» аттуу китепти кайра басып чыгарууга 79262 (жетимиш тогуз миң эки жүз алтымыш эки) сом;
- Бишкек шаарындагы И.Раззаковдун Үй-музейин ремонттоого- 43185 (кырк үч миң бир жүз сексен беш) сом;
- документалдуу фильм чыгарууга- 153000 (жүз элүү үч миң) сом;
- «Исхак Раззаков жана азыркы Кыргызстан» темасындагы илимий-практикалык конференцияны даярдоого, өткөрүүгө жана материалдарын басып чыгарууга – 122545 (бир жүз жыйырма эки миң беш жүз кырк беш) сом;
- илимий-практикалык конференция өтүүчү жайды жасалгалоого – 6900 (алты миң тогуз жүз) сом;
- салтанаттуу жыйынды даярдоого жана өткөрүүгө – 200000 (эки жүз миң) сом;
- салтанаттуу жыйын өтүүчү жайды жасалгалоого – 31580 (отуз бир миң беш жүз сексен) сом;
- И.Раззаковдун кызы Э.И.Раззаковага бир жолку материалдык жардам берүүгө – 200000 (эки жүз миң) сом.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |