Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-январы № 2
Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 1- жана 5-пункттарына, 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочулардын чогулушунан көрсөтүлгөн Акмат кызы Махабат өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө берген арызына ылайык (тиркелет), Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын жана областтык шайлоо комиссиясынын катчылык милдетин аткаруудан бошотулсун.
2. Долоно айылдык округунун Ташарык айылынын шайлоочуларынын чогулушунан көрсөтүлгөн Чимботаев Нурдин Кочкомбаевич Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына резервден киргизилсин.
3. Бул токтом Талас областтык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Лисовский |