КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА
БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-февралы № 6
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ак Жол" элдик партиясы" саясый партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки № 85 Базаркулова Гульмира Мукашовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. "Ак Жол" элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Базаркулова Гульмира Мукашовнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |