Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-марты № 9
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктунун "и" пунктчасына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламента жөнүндө" мыйзамынын 240-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2010-жылдын 15-февралындагы № 75 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга сунуштамасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык этика жана регламент боюнча Комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздердин бардыгы жөнүндө корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин депутаты Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2 Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
Д.Лисовский |