Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-апрели № 12
Кызыл-Кыя шаарынын мэрии шайлоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 2-апрелиндеги ПЖ № 101 Жарлыгына ылайык, 2010-жылдын 9-апрелинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрии шайлоону уюштуруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссия төмөнкү курам да түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
Бекматов А.Г. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мадалиев А.А. - Баткен облустук шайлоо комиссиясынын торагасы;
Жамалов А.Ж. - Баткен облустук шайлоо комиссиясынын катчысы.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн
Төрага |
Д.Лисовский |