Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-апрели № 4
Референдумдун катышуучуларына Кайрылууну бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү боюнча Убактылуу Тартиптин 12, 13 жана 14-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Референдумдун катышуучуларына Кайрылуу бекитилсин (кайрылуунун тексти тиркелет).
2. Маалымат-аналитикалык бөлүмү бул Кайрылууну "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", облустук, шаардык, райондук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Лиге жүктөлсүн.
Төраганын м.а. | А.Сариев |