КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрели № 5
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу Тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү боюнча Убактылуу Тартиптин 15-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу Тартиби бекитилсин (тиркелет).
2 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу Тартиби 500 нускада чыгарылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г. Алымбековага жүктөлсүн.
Төраганын м.а. | Д.Лисовский |