Редакцияот 30.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 30-апрели № 6

Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнундө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" Декретин аткаруу үчүн, № 20 Декреттин 1-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 128 797 000 (жүз жыйырма сегиз миллион жети жүз токсон жети миң) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиянын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев