Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-майы № 7
«2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүу жана таратуу тартибине" жана Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Референдумду даярдоо процедураларына коомчулуктун ишенимин кайтадан жандандыруу, аймактык комиссияларды түзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 15-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелинде бекиткен УӨ № 13 "Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү боюнча графикти бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Борбордук референдум комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Тартиптин 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Райондук, шаардык референдум комиссиялары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы тарабынан төраганын, катчынын жана кеминде 5 мүчөнүн курамында түзүлөт".
2 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Борбордук референдум комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 3 токтому менен бекитилген референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киогизилсин:
- 3-графанын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын : «2010-жылдын 13-майынан кечиктирбестен»
- 3-графанын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын : «2010-жылдын 16-майына чейин, комиссияларды түзгөндөн кийин 3 календардын күндөн кечиктирбестен»
- 4-графанын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы»
- 4 графанын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы»
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |