Редакцияот 10.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 10-майы № 9

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 6 "Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын курамынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 6 "Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө"токтомунун 1-пунктунда мурда бекитилген 2111-статья (э/а) 88,0 миң сомго,2121-статья (соц.ф. төлөмү) 15,6 миң сомго, 2211-статья (кызматтык жолжүрүүлөргө чыгымдар) 384,0 миң сомго, 2212-статья (байланыш кызматы)40,0 мин, сомго, 2215-статья (башка чыгымдар) 130,0 миң сомго жана кошулган 2213-статья РШК жана ОШК үчүн (имарат-жайды ижаралоо) 650,0мин, сом, бардыгы болуп 1307,6 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиянын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев