Загрузка документа…
КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
2016 жылдын 9 ноябрындагы № 197 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-майы № 10
«Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 16-пунктчаларын жетекчиликке алып, эл аралык байкоочуларды референдумга катышуу тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумунда эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн,статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө" Жобо (№ 1тиркеме), эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочуларды аккредитациялоого арыздын үлгүсү (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жанамиграция министирлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөчү Ж.Б.Бапановга жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |