Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-майы № 13
Тогуз-Торо райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин " 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Кармышов Б. О, комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Эсенбаева Майрамбүбү Осмоновна комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Too" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |