Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-майы № 17
Каракол шаардык референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин " 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Каракол шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
-"Кыргызстандын элдик партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Исмаилов Кубанычбек Касымович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-"КСДП" партиясынан көрсөтүлгөн, Капаров Дарханбек комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2 Бул токтом "Эркин Too" гезитине жарыялансвш.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |