Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-майы № 18
Ысык-Көл райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Референдум комиссиясынын мүчөсүнүн статусу менен сыйышпагандыгына жана өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ысык-Кол райондук референдум комиссиясынын курамынын мүчөсү 9 адамдан белгиленсин.
2. Ысык-Кол райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин:
- «Аалам - партияларга кирбегендердин партиясы» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Буржуев Таалайбек Тагаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «Акшумкар» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Абакиров Каныбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Алиева Рыскүл Бектеновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Кыргызстан элдик партиясы" партиясынан көрсөтүлгөн Жеентаев Памир комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
3 Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |