Редакцияот 17.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 17-майы № 19

Чоң-Алай райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Чоң-Алай райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Эргешов Шумкарбек Камчыбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Алибеков Алтвшбек Көкөнович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Бакыбекова Апиза Жунусовна комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2 Бул то ктом "Эркин Too" гезитине жарыялансын.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев