КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-майы № 20
Баткен облусунун аймактык (райондук, шаардык) референдум комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, ошондой эле райондук (шаардык) референдум комиссияларынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү райондук (шаардык) референдум комиссияларынын төрагалары жана катчылары бекитилсин:
Сүлүктү шаары
Султанов Дженгишбек Суванкулович- шаардык комиссиянын төрагасы;
Юсупов Зулкайнар Хабибиллаевич- шаардык комиссиянын катчысы.
Баткен шаары
Ибраимов Атамали - шаардык комиссиянын төрагасы;
Эргешова Тазагул - шаардык комиссиянын катчысы.
Кызыл-Кыя шаары
Мамтов Мухтар Туракулович- шаардык комиссиянын төрагасы;
Дарипова Уулбу Мамазияевна- шаардык комиссиянын катчысы.
Лейлек району
Байтороев Абдирахим - райондук комиссиянын төрагасы;
Шеров Исманали Абдуллаевич- райондук комиссиянын катчысы.
Баткен району
Каразаков Абдирашит - райондук комиссиянын төрагасы;
Каттабекова Шаиркул Султаналиевна- райондук комиссиянын катчысы.
Кадамжай району
Камбаров Толкунжан - райондук комиссиянын төрагасы;
Жажанов Адылжан Гайбердиевич- райондук комиссиянын катчысы.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А. Сариев |