Редакцияот 17.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 17-майы № 21

Нарын облусунун аймактык (райондук, шаардык) референдум комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, ошондой эле райондук (шаардык) референдум комиссияларынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү райондук (шаардык) референдум комиссияларынын төрагалары жана катчылары бекитилсин:

 

Нарын шаары

Ашымов Эркинбек -                                      шаардык комиссиянын төрагасы;

Жумалиева Айгуль -                                     шаардык комиссиянын катчысы.

 

Жумгал району

Кучмуратов Таалайбек -                               райондук комиссиянын төрагасы;

Абдыгулова Бактыгул -                                 райондук комиссиянын катчысы.

 

Ат-Башы району

Талканбаев Абдымалик -                             райондук комиссиянын төрагасы;

Абдыраев Муктар Үсөнбаевич-                  райондук комиссиянын катчысы.

 

Нарын району

Мадинов Орозбек -                                        райондук комиссиянын төрагасы;

Канаталиева Ырыскул -                               райондук комиссиянын катчысы.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Алымбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев