Редакцияот 17.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 17-майы № 26

Жалал-Абад облусунун аймактык (райондук, шаардык) референдум комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, ошондой эле райондук (шаардык) референдум комиссияларынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү райондук (шаардык) референдум комиссияларынын төрагалары жана катчылары бекитилсин:

 

Таш-Көмүр шаары

Суеркулов Келсинбек Тажимырзаевич-              шаардык комиссиянын төрагасы;

Сатыбеков Бактыбек Бекенович-                          шаардык комиссиянын катчысы.

 

Сузак району

Атабеков Токтобек Жумабекович-                        райондук комиссиянын төрагасы;

Инамжанова Гулнара Гуламжановна-                 райондук комиссиянын катчысы.

 

Тогуз-Торо району

Шеримбетов Эдуард Анатолиевич-                     райондук комиссиянын төрагасы;

Мойдунова Салидат Тотуевна-                              райондук комиссиянын катчысы.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Алымбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев