Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-майы № 38
Сокулук райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Усубалиева Ульяна Касымкуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Просвирина Наталья Николаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |