КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-майы № 40
Жайыл райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Жаңы Кыргызстан" партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Жумабаев Бактыбек Нурпазылович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Ата-Мекен" партиясынан көрсөтүлгөн, Алымкулов Өмүрбек Ашыралиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |