Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-майы № 43
Балыкчы шаардык референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргызстан Коммунисттери" партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Тентимишов Илис Тентимишович төрагалык кызматтан бошотулсун жана комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Телемышева Уулбүбү комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- КСДП партиясынан көрсөтүлгөн, Молдакматова Дилан Кубатовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Садыбаева Маргарита Махмуджанова резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |