Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июну № 56
2010-жылдын 27-июнундагы референдумду (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү боюнча добуш берүүчү участкалардагы корнектердүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү боюнча Убактылуу Тартибинин 12-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү боюнча добуш берүүчү участкалардагы көрнөктөрдүн жана календардын текста бекитилсин (тиркелет).
2 Көрнөктөрдүн жана календардын тексттери борборлоштуруп даярдалсын жана түзүлгөн референдум участкаларынын санына ылайык (2281) Кыргыз Республикасынын тийиштүү участкалык референдум комиссиялары камсыздалсын.
3 Уюштуруу бөлүмү бул токтомду облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларына билдирсин
Төрага | А.Сариев |