Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июну № 57
Референдумду (жалпы элдик добуш берүү) уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандарын маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жарнама такталарынын текстин жана жайланышкан ордун бекитүү жөнүндө
Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу Тартибинин 12, 14-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, референдумга даярдануунун жүрүшү жөнүндө референдумдун катышуучуларына маалымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама такталарынын жайланышкан орду бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2 Жарнама такталары мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалсын (№ 2 тиркеме).
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |