Редакцияот 01.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 01-июну № 59

2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумуна Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жашаган жана жүргөн жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 53 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Декретине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумуна Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашап жаткан жана жүргөн жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2 4-бөлүмдүн 3-абзацындагы "16-1" сандары "9-1" деген сандарга алмаштырылсын.

3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.

4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Баялиновго жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев