Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 01-июну № 61
2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8- пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан эл аралык байкоочулар катары төмөнкү жарандар аккредитациялансын (тизме тиркелет-29 адам).
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3 Бул токтом Жалпыга Маалымдоо Каражаттарына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |