Редакцияот 01.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 01-июну № 62

Референдум документтери үчүн коргоочу каражаттарды сатып алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилип 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу Тартибинин 12-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Референдум документтери үчүн коргоочу каражаттар сатылып алынсын (разнарядка тиркелет).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев