Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 03-июну № 65
Кыргыз Республикасынын райондук, шаардык референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын төмөндө аталган райондук, шаардык референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1.Баткен облусунун Баткен шаардык референдум комиссиясынын курамына:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Эргешова Тазагүл Абдижалиловна комиссиянын курамында калуу менен катчылык кызматтан бошотулсун;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Султанова Сейлихан Абдиманаповна комиссиянын катчысы болуп бекитилсин.
1.2 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук референдум комиссиясынын курамына:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Касымова Чынара Рыспековна курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , Садабаева Назира Бакиевна резервден чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , Усупбаев Абдыбек Урсейитович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
1.3. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук референдум комиссиясынын курамына:
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Траев Шермамат Арзалиевич курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Аскербаева Анаркан комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
1.4. Ош облусунун Ноокат райондук референдум комиссиясынын курамына:
-"3амандаш" партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Абдрахманов Таалайбек Калмаматович курамдан чыгарылсын;
- "КСДП" партиясынан көрсөтүлгөн , Маматкулов Махамадамин комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
1.5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык референдум комиссиясынын курамына:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , Темиралиева Акжолтой Чекирбаевна комиссиянын катчысы болуп бекитилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Дыйканов Турдубек Калмаматович курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , Жапарова Кенжегул Мокешовна комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
1.6. Нарын облусунун Нарын шаардык референдум комиссиясынын курамына:
- "КРЭП" партиясынан көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Сариев Эмилбек Айтикеевич курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , Жантаев Адылбек Суйундукович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
1.7. Нарын облусунун Ат-Башы райондук референдум комиссиясынын курамына:
"КРЭП" партиясынан көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Кадыракунов Темирбек курамдан чыгарылсын;
- "Туран" партиялар көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Турпанбеков Беримкуп курамдан чыгарылсын;
- "Акшумкар" партиясынан көрсөтүлгөн , Байбагышова Мазымкул комиссиянын курамына резервден киргизилсин;
- "Замандаш" партиясынан көрсөтүлгөн, Турдакунов Асанбек Сабитович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
1.8. Чуй облусунун Москва райондук референдум комиссиясынын курамына:
- "Туран" партиясынан көрсөтүлгөн , комиссиянын мүчөсү Саржанов Таныбек курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн , Маджун Умар Дуйшеналиевич комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |