Редакцияот 04.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 04-июну № 68

Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана коргоо даражасын белгилөө жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 3 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин формасы белгиленсин (1-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин коргоо даражасы аныкталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев