КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 04-июну № 69
2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда Эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредациялансын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши (№1 тиркеме-7 адам);
-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясын (№2 тиркеме - 5 адам);
- Япония эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) (№3 тиркеме – 2 адам)
- ШКУ Катчылыгы ( №4 тиркеме - 3 адам);
- ЕврАзЭС Парламенттер аралык Ассамблеясы ( №5 тиркеме - 1 адам).
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын
4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б Ирискулбековго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |