Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 05-июну № 71
Кыргыз Республикасынын райондук, шаардык референдум комиссинларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Респубпикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген" Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөндө аталган райондук, шаардык референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 Бишкек шаарынын Свердлов райондук референдум комиссиясынын курамы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Кочеров Руслан Бакыбаевич комиссиянын резервинен чыгарылсын.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук референдум комиссиясынын курамы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Жумашев Адыл комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Эгембердиев Кудайберди комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Туран" партиясынан көрсөтүлгөн Досиев Нурлан резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Ибрагимов Хасанбай Шамшиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2 Бул токтом "Эркин Too" гезитине жарыялансын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алыибековага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |