Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 05-июлу № 73
Добуш берүүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын референдумунун натыйжалары жөнүндө протоколдордун формаларын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 41-, 42-, 43-, 44-, 45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 Декрети менен бекитилген 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 14-, 16-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын участкалык, аймактык (райондук,шаардык), облустук, Бишкек, жана Ош шаардык референдум комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун формалары бекитилсин (формалар тиркелет).
2 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук комиссиясынын референдумунун натыйжалары жөнүндө протоколдун формалары бекитилсин (форма тиркелет).
3. Добуш берүүнү жыйынтыктары жөнүндө, референдумдун алары жөнүндө бекитилген протоколдор разнарядкага жараша даярдалсын (тиркелет)
Төрага | А.Сариев |