КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 07-июну № 75
Кыргыз Республикасынын райондук референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө
Өзгөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу женунде арыздарын бергендигине , Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин "15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен «Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын төмөндө аталган райондук референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөр киргизилсин:
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук референдум комиссиясы боюнча:
-«Кыргызстан куруучулар партиясы" партиясынан көрсөтүлгөн Чымырбаев Керимкул Бусурманкулович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
-«КСДП» партиясынан көрсөтүлгөн Сулайманова Осипа Жумаковна комиссиянын курамына киргизилсин.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук референдум комиссиясы боюнча:
- «Ата Мекен» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын төрагасы Самсалиев Замир Набиевич курамдан чыгарылсын.
2 Бул токтом "Эркин Too" гезитине жарыялансын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |