Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 07-июну № 76
Кыргыз Республикасынын референдумунун документтерин жана добуш үчүн бюллетендерди даярдоо, референдум комиссияларына өткөрүп берүү жана жеткирүү тартиби жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Добуш берүү үчүн бюллетендерди жана документтерди даярдоо жана Кыргыз Республикасынын референдум комиссияларына өткөрүп берүү бекитилсин.
2. Бюллетендерди жана документтерди Кыргыз Республикасынын референдум комиссияларына жеткирүү тартиби бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги референдум бюллетендерин даярдоонун коопсуздугун, добуш берүү үчүн бюллетендерди алар берилүүчү жерге жеткирүүнү жүргүзгөн транспорттук жараттарды коштоону жана кайтарууну жана референдум комиссияларынын жайларында бюллетендердин сакталышын камсыз калсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчесү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |