КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 08-июну № 77
Нарын облусунун Нарын шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ыйгарым укуктарын тапшыруу женунде берген арыздарына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик шайлоо) өткөрүүнүн Убактылуу Тартибинин " 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик шайлоо) комиссияларын түзүү жана Тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Нарын облусунун Нарын шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Жаманова Асылкүл Окошевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Спуева Айшабүбү Аттокуровна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
2.Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |