Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 08-июну № 79
Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 16-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн участкалык референдум комиссияларынын курамы бекитилсин.
2 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
3 Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн референдум комиссияларынын курамы "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |