Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 09-июну № 80
Кыргыз Республикасынын райондук референдум комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2010-жылдын 30-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу борбордук комиссиясынын №5 токтому менен бекитилген "Референдум комиссияларын түзүүнүн жана татуунун тартибине" ылайык өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө берген арызына ылайык жана Ысык- Көл облусунун Түп райондук референдум комиссиясынын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын төмөнкү райондук референдум комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
Ысык-Көл облусунун Түп райондук референдум комиссиясы боюнча:
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Ирсалиева Кенжегүл Туйтуевна комиссиянын төрайымы болуп бекитилсин.
Талас облусунун Талас райондук референдум комиссиясы боюнча:
- Кыргызстан Коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн Наскеев Кубанычбек комиссиянын мүчөлүгүнүн курамынан чыгарылсын.
2 Бул токтом "Эркин-Тоо газетасында жарыялансын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |