Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 09-июну № 83
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги №6 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде референдумду (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө чыгаргандардын сметасын бекитүү жөнүндө" Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 27-июнундагы № 025-11/2474 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июнундагы № 64 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде референдумду (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" Токтомунун 1-пунктундагы мурда бекитилген 4 902 600 (төрт миллион тогуз жүз эки миң алты жүз) сом суммасын "Кызматтык иш-сапарларга жана чыгымдар" 2212 статьясы боюнча 447 000 миң сом суммасына көбөйтүлсүн жана чыгымдардын сметасы 5 349 600 (беш миллион үч жүз кырг тогуз миң алты жүз) сом бекитилсин.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |