Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-июну № 84
2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредациялансын:
-АКШнын эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институтунан төмөндөгү жарандар (№ 1 тиркеме); Кыргыз Республикасындагы Казак Республикасынын элчилигинен (№2 тиркеме);
-Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинен (№ 3 тиркеме);
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3 Бул токтом ЖМКга жарыялансын.
4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.Б. Ирискулбековго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |