Редакцияот 14.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 14-июну № 88

Нарын шаардык референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги  20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги  5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин:

- "Ата Мекен" саясий партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын төрагасы Ашимов Эркинбек Жекшенбекович төрагалык кызматтан бошотулсун жана комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Ибраев Абдылда Турганалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев