Бишкек шаары2006-жылдын 31-июлу № 145 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү тууралу 2006-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6,240-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "31-статья. Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөп берүү тартиби 1. Дивиденддер акционердин менчиги болуп эсептелет. Дивиденддеракционерлердин арасында алардын менчигиндеги болгон акциялардын санынапропорциялуу бөлүштүрүлөт. Дивиденддер акционердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен акча кара-жаттары же башка мүлктөр менен төлөнүп берилет. Коомдун салык төлөөдөнкийин калган пайдасы (таза пайдасы) дивиденддерди төлөп берүүнүн булагыболуп саналат. Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддер акционердиккоомдун ушул максаттар үчүн мурда түзүлгөн атайын фонддорунун эсебинентөлөнүп берилүүсү мүмкүн. Акционердик коом дивиденддерди төлөп берүүгө акционердик коомдунтескөөсүндө калган таза пайданын кеминде 25 пайызын багыттоого тийиш. 2. Акционердик коом финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча тиешелүүмезгил аяктагандан кийин жайгаштырылган акциялар боюнча дивиденддердитөлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга (жарыялоого) укуктуу. Дивиденддерди төлөп берүү, дивиденддин өлчөмү жана аны төлөпберүүнүн формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушу тарабынанкабыл алынат. Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуужүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формадажүргүзүлөт. Дивиденддердин өлчөмү директорлор кењеши же директорлоркењеши болбогон учурда башкармалык тарабынан сунуш кылынгандан көп бо-луусу мүмкүн эмес. Коомдун директорлор кењеши дивиденддерге багытталуучу каражаттар-дын көлөмү жөнүндө маселени акционерлердин жалпы чогулушуна алып чыгуу-нун алдында дивиденддерди төлөп берген учурда коомдун банкрот болуукоркунучу жөнүндө маселени кароого милдеттүү. Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимде төмөнкү маалыматтар бо-луусу тийиш: 1) дивиденддердин өлчөмү жана берүүнүн формасы жөнүндө; 2) аны жарыялаган учурдан тартып коомдун акционерлердин алдындадивиденддерди төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги келип чыгуучу иш жүзүндөдивиденддерди төлөп берүүнүн орду жана датасы жөнүндө; 3) дивиденддерди алууга укугу бар акционерлерди каттоонун акыркыдатасы жөнүндө; Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимди акционердик коом жалпыгамаалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү. 3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн мөөнөтү жана тартиби коомдун уста-вы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Диви-денддерди төлөп берүүнүн мөөнөтү дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө че-чим кабыл алынган күндөн тартып 120 күндөн ашпоого тийиш. Дивиденддерди төлөп берүүнүн датасы расмий жарыяланганга чейин 30күндөн кечиктирбестен коомдун акциясын сатып алган адамдар дивиденддер-ди алуу укугуна ээ болушат. Жүгүртүүгө чыгарылбаган же коомдун балан-сында турбаган акцияларга дивиденд төлөнбөйт. Дивиденддерди төлөп берүү үчүн дивиденддерди алууга укугу барадамдардын тизмеси түзүлөт. Тизмени түзүү үчүн акциялардын номиналдуукармоочусу өзү алардын кызыкчылыгында акцияларга ээлик кылган адамдаржөнүндө маалыматтарды берет. 4. Акционердик коом акциялардын ар бир категориясы (түрү) боюнчажарыяланган дивиденддерди белгиленген мөөнөттө төлөп берүүгө милдеттүү.Акционер акционердик коомдун карызынын пайда болуш мөөнөтүнө карабас-тан, жарыяланган дивиденд акционердик коомдун күнөөсү боюнча төлөнбөгөнучурда акционердик коомдон жарыяланган дивиденддерди сот тартибиндетөлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Эгер акционердик коом акционерге ага тиешелүү дивиденддерди белги-ленген мөөнөттүн ичинде төлөп бербесе, анда ага тиешелүү дивиденддергеКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча үстөкпайыздар чегерилет. 5. Дивиденддерди төлөп берүү мөөнөттөрүн жана тартибин бузган жетөлөп бербеген акционердик коомдун кызмат адамы Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев