КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 14-июну № 90
Референдум катышуучусун негизги тизмеден чыгаруунун Эрежеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 53 Декретине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 23-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын референдум (жалпы элдик добуш берүү) катышуучусун негизги тизмеден чыгаруунун Эрежеси бекитилсин (тиркелет)
2 Кыргыз Республикасынын референдум (жалпы элдик добуш берүү) катышуучусун негизги тизмеден чыгаруунун Эрежеси 3000 (үч миң) нускада Басылып чыгарылсын.
3 Доктомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |