Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 14-июну № 91
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык комиссияларынын жаңы курамын түзүүнү токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоону дайындаганга чейин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык комиссиялардын жаңы курамын түзүү тапшырылган, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан 2010-жылдын 25-майында "Эркин Тоо" гезитине саясий партияларга, жарандардын чогулушуна облустук, Бишкек жана Ош шаардык комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө кайрылуу жарыяланган. БШКга комиссиялардын курамына көрсөтүү боюнча 244 протокол келип түштү, анын ичинен 94 протокол саясий партиялардан көрсөтүү боюнча, бирок өлкөнүн айрым аймактарына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык комиссиялардын жаңы курамын түзүү абал турукташканга жана коомдук тартип калыбына келтирилгенге чейин токтотулсун.
2. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык комиссиялардын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү боюнча сапаттык курамдар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиянын сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |