Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-июну № 92
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин:
- "Туран" партиясынан көрсөтүлгөн Чолпонбаева Жыргал Төлөмүшовна комиссиянын курамынан мүчөлүктөн чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Ажыбеков Чыныбек Абдраевич комиссиянын курамынан мүчөлүктөн чыгарылсын;
- "Кыргызстан Коммунисттери" партиясынан көрсөтүлгөн Тыныбеков Жунушбек Эшенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Абдылдаева Замира Сабеевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А. Сариев |