Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-июну № 94
2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоодон кайра чакыртып алуу жөнүндө
Эл аралык кызматташуу Япон Агенттигинен (JIСА) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоодон кайра чакыртып алуу жөнүндө келген катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Эл аралык кызматташуу Япон Агенттигинен (JIСА) эл аралык байкоочулар аккредитациялоодон кайра чакыртылып алынсын:
-Сейдзю Имай - JIСАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары;
-Токуджи Йошимура - JIСАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары,
2 Эл аралык байкоочулардын № 42, 43 күбөлүктөрү жараксыз деп эсептелсин.
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.Б. Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |